Эркем деп мээримиңди төкчү элең
Неберем деп жетелеп жүрчү элең
Айланып
Жалынып, жыттап жүрчү элең
Жанып турган чырагымсың элең
Тутуп жүргөн тумарымсың элең
Сагынып, зарыгып
Ызаланып туталанам мен
Кагылайын, менин алтын энем
Карегимден аккан жашым менен
Кайда жүрсөм эстеп сагынып
Бир өзүңдү мен
Асылымсың, менин алтын энем
Кусалык кыйнайт жүрөктү эзген
Кайда жүрсөм эстеп сагынып
Бир өзүңдү мен
Айла жок
Кайрылбастан кеткен экен
Ыйласам да, сыздасам да
Бирок
Эне затын сыйлайлычы
Өз убагында
Эстеймин, эне, искеп жытыңды
Зарыгып уксам деймин үнүңдү
Жалынып, кагылып бир өзүңө мен
Берекем деп бөпөлөп бактың элең
Көлөкөм деп көкөлөп жүрчү элең
Сагынып, зарыгып
Ызаланып, туталанамын мен
Кагылайын, менин алтын энем
Карегимден аккан жашым менен
Кайда жүрсөм эстеп сагынып
Бир өзүңдү мен
Асылымсың, менин алтын энем
Кусалык кыйнайт жүрөктү эзген
Кайда жүрсөм эстеп сагынып
Бир өзүңдү мен
Кагылайын, менин алтын энем
Карегимден аккан жашым менен
Кайда жүрсөм эстеп сагынып
Бир өзүңдү мен
Асылымсың, менин алтын энем
Кусалык кыйнайт жүрөктү эзген
Кайда жүрсөм эстеп сагынып
Бир өзүңдү мен
Кайда жүрсөм эстеп сагынып
Бир өзүңдү мен
Слушайте и скачивайте песню "Алтын Энем" от Мирбек Атабеков на MuzLem.kz. Насладитесь красивой мелодией и проникновенными словами в высоком качестве.
Комментарии
х
Введите текст песни
Текст песни должен быть длиннее 250 символов.
Текст песни успешно отправлен на проверку! Он появится на сайте после одобрения модератором. Благодарим за внесение своего вклада в развитие проекта!